Site icon Reporter.kg

Мейкинбек Абдалиевдин ордуна парламентке жаңы депутат келди

Депутаттык мандатын тапшырган Мейкинбек Абдалиевдин ордуна парламентке Арсланбек Эгембердиев келди.

Белгилүү болгондой, «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Абдалиев жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. Ага байланыштуу БШК бош калган мандатты 2021-жылдагы шайлоодо «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын катарында депутаттыкка аттанган Арсланбек Эгембердиевге тапшырды. Ага депутаттык күбөлүк менен төш белги берилди.

Арсланбек Эгембердиев 46 жашта. Буга чейин «АККА-Петролеум» компаниясынын башкы директору болуп иштеген.

Жогорку Кеңештен дагы бир депутат кетти

 

Exit mobile version