Site icon Reporter.kg

«Мекенчил” партиясы талапкерлеринин тизмесин БШКга тапшырды

«Мекенчил” саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу партия лидери Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында билдирди.

Ташиев басма сөз жыйынында партиянын шайлоо программасы төрт багыттан турарын билдирип, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайтаруу, сот адилеттигин орнотуу, чек ара маселесин жөнгө салуу башкы багыттар экенин белгиледи.

“Чар-жайыт, башаламан, коррупцияга жол ачкан шайлоо системасынан арылып эл менен бийликтин ортосундагы байланышты кайтарабыз. Ал үчүн парламент депутаттарынын санын 120дан 75ке азайтып, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайра киргизебиз”, — деди Ташиев.

Пандемия шартына байланыштуу жыйын чакан чөйрөдө, жабык өтүп, иш-чарага журналисттер киргизилген жок.

 “Мекенчил” шайлоого талапкер болууну көздөгөн партиялардын ичинен кезексиз курултайын биринчи болуп өткөрдү.

Exit mobile version