Өзбекстандан Кыргызстанга 20 жыл мурда көчүп келген этникалык кыргыз паспорт ала албай келет. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалым болгондой, ал учурда Ош шаарында жашайт. 20 жыл мурда мекенине көчүп келген этникалык кыргыз үй-бүлө күтүп, балдары бой жетип калган. Бирок ал алигиче паспорт ала албайт келет.
Ал акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Ош облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда акыйкатчыга кайрылып, паспорт алууга жардам берүүнү суранган.
«Паспорттун жоктугунан жашаган жеримде каттоого тура албай жатам. Менин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм Өзбекстанда калган. Паспорт болбогондуктан күбөлүктү алып келүү үчүн чек арадан өтө албайм. Кайрылбаган жерим калбады. Бардык мамлекеттик органдар менин өтүнүчүмдү жоопсуз калтырууда», — деди ал.