Меккеге ажылыкка  барууга 108 өлкөгө уруксат берилди. Тизмеде Кыргызстан жок

Меккеге ажылыкка  барууга 108 өлкөгө уруксат берилди. Тизмеде Кыргызстан жок

Кыргызстан Меккеге ажылыкка  уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына кирген жок. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана Умра министрлиги умра ибадатын уюштурууда адамдардын коопсуздугуна, ден соолугуна кепилдик берген жол менен «Коопсуз умра» жана кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө механизмин жарыялаган. 

Сауд Араб Падышалыгы үчүнчү этап менен 1-ноябрдан тарта сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берген. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Белоруссия бар. 

Азырынча убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 20. Алардын ичинде Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргызстан бар.   

Ал эми уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 56.  Алардын катарында Кувейт, Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары бар.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал олку-солку болуп тургандыктан ажылыкка уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына кирген эмес. 

[su_image_carousel source=»media: 46222″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>