Site icon Reporter.kg

Мексикада кыргызстандык жаран каза болду

Мексиканын борбору Мехико шаарында Б.Р. аттуу кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жүрөгү кармап каза болгон. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралып жатат.

«Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маркумдун жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармоодо»,- билдирди ТИМ.

Exit mobile version