Site icon Reporter.kg

Мексикада түрмөдө болгон тополоңдон 16 адам каза болду

Мексиканын Сакатекас штатындагы түрмөдө болгон башаламандыктан 16 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 1-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30да болгон.

Тополоңдон 15 адам окуя болгон жерде каза болгон. 6 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага жеткирилген. Алардын бири бейтапканада көз жумган.

Учурда полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек Мексика түрмөлөрүндө адам өмүрүн алган башаламандыктар байма-бай катталып турат. Маселен, 2016- жылы «Топо-Чико» түрмөсүндөгү тополоңдон 50гө жакын адам каза болгон.

Exit mobile version