Site icon Reporter.kg

Мексикалык блогер “Өчпөс отко” өтүгүн жылыткан жигитти видеого тартып алган

Бишкек шаарынын тургуну Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отко» өтүгүн жылыткан жигиттин кылыгына нааразы. Reporter.kg’нин окурманы мексикалык блогер Луис Артуро Вильяр Судектин каналында жарыяланган видео роликтен окурман курман болгон жоокерлердин элесине урмат көрсөтпөгөн учурду байкаган.

«Жакында эле бизге Мексикадан бир блогер келди. 15 мүнөттүк видео тартты. Бирок, 11-мүнөттө бир жигит өтүгүн «Өчпөс отко» жылытып жатканына ачууландым», — деп жазган окурман.

Белгилей кетсек, Мексикадан белгилүү блогер Кыргызстанга келип, өзүнүн YouTube каналы Луисито Комуника аркылуу республика боюнча алган таасирлери менен бөлүшкөн. Бир нече күндүн ичинде видео 3 миллиондон ашуун көрүүгө ээ болду.

Кыргызстан тууралуу чыккан видеосунда Луис Артуро Вильяр Судек Бишкекти Ташкент менен Дүйшөмбүгө караганда Европадагы шаар деп атаган. Ал эч нерсе билбеген өлкөгө барганын айткан.

Exit mobile version