Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестат акысыз берилет

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестат акысыз берилет

Жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын документ үчүн акча талап кылууга укугу жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бул боюнча район жана шаардагы тиешелүү адистерге эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Азыркы кырдаалга байланыштуу министрлик басмакана менен биргеликте даярдалган документтерди облустун борборлоруна чейин акысыз жеткирип берет.

Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына  41 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты  үчүн 45 сом,  күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>