Окуучулар үчүн жайында I чейректин программасы боюнча видеосабактар даярдалат

Окуучулар үчүн жайында I чейректин программасы боюнча видеосабактар даярдалат

Мектеп окуучулары үчүн жайында видеосабактар даярдалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жыйында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жаткан учурда Жусупбекова депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди.

«Жай айларында окуучулар үчүн I чейректин окуу программасы боюнча видеосабактар даярдалат. Биз коркунуч жок деп ушуну менен токтоп кала албайбыз. Учурда мыкты мугалимдер менен команда түзгөнбүз«, — деди билим берүү министринин орун басары.

Жусупбекова белгилегендей, июнь, июль, август айларында I чейректин программасы боюнча телесабактар даярдалат. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>