Site icon Reporter.kg

Мектеп окуучулары 8-ноябрда каникулга чыгат

Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-2022-окуу жылында мектеп окуучуларынын каникул убактысы беш күндүк окуу жумасын эске алуу менен 29 календардык күндү түзөт. 

Күзгү каникул – 7 күн: 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин;

Кышкы каникул — 12 күн: 31-декабрдан 11-январга чейин;

Жазгы каникул — 10 күн: 21-марттан 30-мартка чейин;

Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе жума сайын кошумча каникулдар белгиленет.

Министрлик быйылкы окуу жылында жеке жана мамлекеттик мектептерде окуу сабактары 2022-жылдын 8-июнунда аяктай турганын эскертти.

Exit mobile version