Site icon Reporter.kg

Мектепке каттоо: Жеңилдиги бар 2,5 миңден ашык бала эсепке алынды

Кыргызстандагы мектептерге 166 миңге жакын бала электрондук түрдө катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлгөн.

Алардын ичинен 2,5 миңге жакын окуучу — жеңилдиги бар балдар (бенефициарлар) катары катталган. Катталган орундардын 123 миңден ашыгы акысыз, ал эми 27 миңи жеңилдетилген төлөм менен берилет.

Бишкек шаары боюнча 13,6 миң бала 1-класска, 15,7 миң бала 2-класска кабыл алынды. Азыркы тапта 1-класста 2 миңден ашык, 2-класста 2,1 миңге жакын бош орун бар экени айтылууда.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы электрондук каттоо жашаган жерине жараша (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлүп, ал 15-августка чейин уланат.

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өткөнүнө байланыштуу быйыл 1 жана 2-класстар үчүн каттоо бир учурда жүргүзүлүүдө. 2018-жылы төрөлгөн балдар автоматтык түрдө 2-класска, 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска катталууда.

Эгер 2019-жылы төрөлгөн бала мектепке чейинки “Наристе” программасынын 480 сааттык даярдоо курсун бүтүрсө, ал да 2-класска өтө алат. Бул үчүн balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына тиешелүү маалыматтарды киргизүү зарыл.

 

 

Exit mobile version