Учурда штаттык режимде окуп жаткан мектептер бар. Окуучулардын арасында, билим берүү процессине байланыштуу вирусту жугузган учурлары аныкталган жок. Мындай билдирүүнү 19-январда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.
«Буга катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Андыктан мен ата-энелерге кайрылып кетем. Балдардын ден соолугун жакшы карап, мектепте баратканда жана келгенден кийин дене табына, табитине убагында көңүл бөлүүгө чакырам. Эгерде мектеп окуучулары арасында оору катталбай турган болсо, мектептер толугу менен оффлайн режиминде окуй башташат», — деп белгиледи Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Бишкекте 18-январдан тарта 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде окуп жатышат.