Кыргызстандагы мектептер үчүн кыргыз тили жана орус тили боюнча 285 миң 630 нускада китеп басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Китептер «Учкун» басмаканасында басылып чыккан.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
— Русский язык, 7-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Ч.М. Мусаева);
— Русский язык, 8-кл. (авторлору: Н.П. Задорожная, Г.С. Чепекова).
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн:
— Кыргыз тили, 7-кл. (авторлору: А.А. Оморова, П.С. Осмонова, Т.Н. Абылкасымова, А.А. Узекеева);
— Кыргыз тили, 8-кл. (авторлору: А.А. Оморова, Т.И. Ботбаева, Г.К. Эшпаева);
— Русский язык, 7-кл. (авторлору: Л.М. Бреусенко, Т.А. Матохина).
Министрлик билдиргендей, 2024-жылы мектептерди китеп менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджетте 152 млн сом каралган. Ал акчага 2024-2025-окуу жылына 428 миң 960 нускада жаңы окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор басылып чыккан. Мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен дагы 90 млн сом бөлүнгөн.