Site icon Reporter.kg

Мектептер жана мамлекеттик бала бакчалар ачылабы? Министрликтин жообу

Бүгүнкү күндө Билим берүү министрлиги менен биргеликте алгоритмдер иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жеке бала бакчаларда аз сандагы балдар бар жана санитардык талаптарга жооп берүү үчүн бардык шарттар каралган.

«Ал эми мамлекеттик бала бакчаларда балдардын саны көп жана баарына жекече мамиле керек, ошондуктан бул маселе дагы деле каралып жатат. Мындан тышкары, эгерде бардык чаралар — беткап  режими жана социалдык аралык сакталса, 2-6-класстар үчүн мектепти калыбына келтирүү маселеси каралууда. Кийинки этаптарда башка класстарды жана жогорку окуу жайлардын студенттерин окутуу каралат », — деди ал.

Exit mobile version