Мектептерде 1-класска кабыл алуу кызуу жүргүзүлүүдө

Мектептерде 1-класска кабыл алуу кызуу жүргүзүлүүдө

2020-жылдын 1-августунан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.  
Анын айтуусуна караганда учурда ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, мониторинг жүргүзүүдө.

Ар бир регионго балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана уюлдук телефондор менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды.

Ар бир мектеп билим берүү уюмунда санитардык нормаларды так сактоо менен окуу китептерин 2020-жылдын 25-августуна чейин өз убагында берүүгө милдеттүү.

2020-2021-окуу жылында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республиканын бардык билим берүү мекемелеринде менчик формасына карабастан, бирдиктүү мектеп формасын кийүүгө талаптарды койбоо чечими кабыл алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>