Site icon Reporter.kg

Мектептерде «Акыркы коңгуроо» 25-майда болот

Кыргызстанда мектептерде «Акыркы коңгуроо» 25-майда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Иш-чара саат 09:00до өтөт. Министрлик мамлекеттик жана менчик мектептердин директорлоруна салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан тышкары отуруш-кечелерди уюштурууга тыюу салды.

«Акыркы коңгуроону» өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги мектептердин жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

Министрлик буйрукту аткарбаган мектептердин жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертет.

Exit mobile version