Site icon Reporter.kg

Мектептерде англис тилин окутууга келген ыктыярчылардын саны көбөйөт

Кыргызстандын аймактарындагы мектептерде англис тилин окутуу үчүн келген ыктыярчылардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

24-апрелде министрлик менен Тынчтык корпусу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул документте өлкөдөгү билим берүү уюмдарында англис тилин окутуучу ыктыярчылардын санын көбөйтүү каралган.

Белгилей кетсек, 1993-жылдан бери Кыргызстанда Тынчтык Корпусунун 1350дөн ашык ыктыярчылары кызмат өтөшкөн. Учурда өлкө боюнча мектептерде англис тили боюнча 44 ыктыярчы иш алып барууда.

Exit mobile version