Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов мектептерде жогорку класстар үчүн жол эрежелерин жана унаа айдоону үйрөткөн предмет киргизүүнү сунуштаганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-мартта Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобу Билим берүү жана илим министрлигинин аткарып жаткан иштери, жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрү жана алдыга койгон пландары жөнүндө маалыматын укту.
Жыйында баяндама жасаган билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева негизинен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, окуу китептерин басып чыгаруу, мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, билим берүү тармагын санариптештирүү, 12 жылдык форматка өткөрүү тармагындагы жылыштар жана орчундуу көйгөйлөр боюнча учкай маалымат берди.
Талкууда депутат Бекмурза Эргешов Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу маселени козгоп: «ЖРТда алдыңкы окуучулар аз балл алып, окубаган балдар көп балл алып кеткен учурлар көп катталат экен. Босого баллдан өтпөгөндөр жогорку окуу жайга тапшыра албайт. Мен билгенден андагы тапшырмалардын 30 пайызы логикалык суроолордон турат. Аны мектептен үйрөтпөйт. Окуучулар атайын окуу борборлоруна барганга аргасыз. Ага баарынын эле мүмкүнчүлүгү жете бербейт да. Эмнеге муну мектептен эле үйрөтсөк болбойт?», — деди.
Мындан тышкары, акыркы убакта айдоочулук күбөлүк алуу кыйындаганын айтып, мектепте жогорку класстар үчүн жол эрежелерин жана унаа айдоону үйрөткөн предмет киргизүүнү сунуштады.
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканын, ЖРТга байланыштуу окуу материалдары электрондук күндөлүктөргө киргизилип жатканын айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз