Site icon Reporter.kg

Мектептердеги бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерине тыюу салган буйрук чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган министрликтин сайтында жарыяланды.

«Бүтүрүү кечелерин кечинде мектеп аянтчаларында, оюн-зоок жайларында жана башка коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салынат», — деп айтылат документте.

«Жалпы билим берүү уюмунун аймагында коопсуздук чараларын көрбөгөн жана мектеп окуучуларынын укук бузууларына, ошондой эле акча каражатын чогултууга жол берген мектеп директорлоруна, класс жетекчилерге жана мугалимдерге чейин тартиптик жаза чаралары колдонулат. Анын ичинде ээлеген кызматтарынан бошотуу», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы жана орто жалпы билим жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт:

Exit mobile version