Site icon Reporter.kg

Өлкөдөгү мектептерге канча мугалим жетишсиз экени айтылды

Кыргызстандагы мектептерге 839 мугалим жетишсиз экенин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүн, 18-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында информатиктер, аймактарда математик, физик, химик, айрым аймактарда башталгыч класстын мугалимдери жетишсиз.

«Адистерди тартуу үчүн биз комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз: мугалимдердин айлыгы көбөйтүлдү, категориялар киргизилүүдө, педагогикалык багыттагы студенттердин стипендиясы көбөйтүлүүдө», — деди Жусупбекова.

Ал кошумчалагандай, октябрь айынын аягында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында бош орундардын саны азайышы мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version