Мелания Трамп Дональд Трамп менен ажырашууга арыз жазганы жатат

Мелания Трамп Дональд Трамп менен ажырашууга арыз жазганы жатат

Шайлоодо утулуп калгандан кийин, АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөн гана эмес, никесинен дагы айрылышы мүмкүн. Бул тууралуу британиялык Daily Mail гезити АКШнын биринчи айымынын мурдагы жардамчысы Стефани Волкоффко шилтеме берип жазды.

Мелания Трамп никеге турганга чейин сүйлөшүлгөндөй күйөөсү Дональд экөөнүн уулу Барронго байлыгынын жарымын берет.

Волкофф Мелания Трамп менен Дональд Трамп экөө Ак үйдө дагы өзүнчө бөлмөлөрдө укташканын, алардын 15 жылдык никеси келишим экендигин айтты.

Ак үйдүн дагы бир мурдагы кызматкери Омарос Маниго Ньюман Мелания Трамп «күйөөсүнүн президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнүн ар бир мүнөтүн эсептейт» деп билдирди.

50 жаштагы Мелания Трамп өзү 74 жаштагы жолдошу менен болгон мамилеси жакшы экенин жана алар эч качан урушпаганын айтып келет.

Юрист Кристина Превит Доналд Трамптын экинчи аялы, актриса Марла Маплес менен нике келишимин эске салды. Келишимдин шарттары ага чогуу жашагандары жөнүндө эскерүүлөрдү жарыялоого жана мурунку күйөөсүн сындаган маектерди берүүгө тыюу салат.

Мындай чектөөлөр Мелания Трамп менен нике келишиминде дагы жазылган.

2020-жылы 22-январда Трамптын жубайлар 15 жылдык мааракесин белгилешкен.

АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өттү. Бул кызматка 10дон ашык талапкер арыз берген, негизги атаандаштар АКШнын учурдагы президенти, республикачылар Трамп жана демократ, АКШнын мурдагы вице-президенти Джо Байден болгон. Бул шайлоодо 120 жылдагы рекорддук көрсөткүч болду. Анткени шайлоочулардын  160 миллионго жакыны америкалыктар катышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>