Быйыл май айында абактан чыккан активист Мелис Аспеков калайман башаламандыктарды уюштурууга даярданууга шектелип кармалып, 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп жатат. 29-сентябрда тергөөчү райондук сотко Аспековду 27-ноябрга чейин камакка алуу өтүнүчү менен кайрылып, сот өтүнүчтү канааттандырган. Аспеков №1 тергөө абагында камакта болот.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (калайман башамалдыктарды уштурууга даярдык көрүү) боюнча шектелүүдө.
Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон.
2021-жылы январь айында Аспеков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. 2022-жылы ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот аталган өкүмдү өзгөртүп, Аспековду 6 жылга эркинен ажыраткан.
Аспеков быйыл 23-майда Садыр Жапаровдун ырайым берүү тууралуу жарлыгына ылайык абактан чыккан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз