Мелис Мырзакматовго карата соттун өкүмдөрү жокко чыгарылды

Мелис Мырзакматовго карата соттун өкүмдөрү жокко чыгарылды

Ош шаардык соту экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жактоочуларынын даттануусун карап, мурдагы сот чечимдеринин баарын жокко чыгарды. Бул тууралуу “Репортёрго” Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова билдирди.

“Ош шаардык соту ишти 8 октябрда карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган чечим кабыл алды. Иш кайра биринчи инстанцияга кайтарылды”, – деди Мамытканова.

Белгилей кетсек, мурдагы шаар мэри Түркиядан чартердик каттам аркылуу 7-октябрга караган түнү Ош шаарына келген. Аны шаардын борбордук аянттында миңдеген тарапташтары тосуп алган.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. Кийин көпүрөнүн курулушунда “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланды” деген берене менен кылмыш иши козголуп, 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Ал өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук катары баалап келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>