Site icon Reporter.kg

Мелис Турганбаев: Депутаттардын элге ак кызмат кылуусуна эч нерсе тоскоол болбошу керек

Бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлердин арасында генерал Мелис Турганбаев да бар. Ал 1962-жылдын 19-февралында Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Борбордогу Н.Крупская атындагы спорт мектебин аяктагандан кийин, 1984-жылы КМУнун экономика факультетин, 1986-жылы СССР ИИМдин Ленинграддагы Жогорку курсун бүтүргөн.

 Анын ИИМдеги узак жана жемиштүү жолу 1986-жылы Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери болуу менен башталган. Ал өз кесибинде такшалды жана бул системадагы эң жооптуу кызматтарды аркалады. Бир нече ирет Бишкек ШИИБнин башчысы, ИИМдеги Башкы башкармалыктын башчысы, Ички иштер министринин орун басары, Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору, Ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон. Башкача айтканда, ал укук коргоо органдарында 40 жылга жакын эмгектенип, лейтенанттан баштап генерал наамын алууга чейин жеткен. Жаштык курагын кылмыштуулук менен күрөштө өткөрүп, турмуштук да, кесиптик да чоң мектептен өтүп, эми коомго жаңы багытта кызмат кылуу үчүн парламенттин депутаттыгына талапкер катары аттанууда.

Генерал Мелис Турганбаев бизге берген маегинде Жогорку Кеңешке кол тийбестикке жетүү же жеке кызыкчылык үчүн эмес, элдин турмушун, алардын укуктук кепилдиктерин жакшыртуу, ошондой эле көп жылдык тажрыйбасында кезиккен көйгөйлөрдү чечүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөнү максат кылып жатканын жана алдыда боло турган шайлоодо эмне үчүн ага добуш берүү керек экендигин айтып берди. Эң башкысы ал акыйкаттык, адилеттүүлүк эмне экенин так жана таасын билет. Ошондой эле мыйзам, тартип, акыйкат үчүн күрөшүү адамдык сапаттын эң жогорку белгиси экенин жакшы түшүнөт.

Мелис Турганбаев учурда Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти, ИИМдин ардагери. “Даңк”, “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” II деңгээлдеги мамлекеттик сыйлыктын, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын ээси. Ал кыргызстандыктардын спорттогу жетишкендигин жогорулатуу, жаш атлеттерди колдоо боюнча иштеп, алардын укуктарын эл аралык аренада коргоп келет.

 

— Мелис мырза, айтсаңыз эмне себептен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттандыңыз жана депутат болуп калсаңыз өзгөчө кайсы маселеге көңүл бурасыз?

Мен Жогорку Кеңешке бай тажрыйбамды пайдаланып – экономиканы, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу максатында бара жатам. Мамлекет бүгүнкү күндө терең көз караштагы тажрыйбалуу кадрларга өтө муктаж. Жогорку Кеңешке барсам, албетте, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурам. Ошол эле учурда башка тармактар боюнча дагы маселени чечүүгө билимим жетиштүү. Анын ичинде пенсияны жогорулатуу маселесин көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштөө, үйлөргө чектеш жайгашкан тилкелерге кандайдыр бир курулуштарды курууга тыюу салуу, тротуарларды жана эс алуу жайларын жакшыртуу, спортту баарына жеткиликтүү кылуу жана башка көптөгөн нерселер менин башкы планым болот.

 — Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кандай чечкиндүү кадамдарга баруу керек?

— Мен Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгында иштеп жатканда коопсуздук маселесине байланыштуу көп пилоттук долбоорлорду ишке киргизгенбиз. Эми Бишкек шаарыбыздын бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жаткандан кийин, бишкектиктердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кандай аракеттерди көргөнүбүз боюнча кыскача айта кетсем. Себеп, биринчиден, биз патрулдук милиция кызматын дал ушул максатта түзгөнбүз. Алар күн-түнү калаанын бардык көчөлөрүндө, өзүнүн дислокациясы менен кыдырып жүрүшчү. Ага чейин түнкү милиция деп түзгөнбүз. Анализдеп байкап көрсөк, түнкүсүн кылмыштуулук көп катталат экен. Анын негизинде ар бир райондо күнүгө 25 патрулдук милиция кызматы унаа менен шаарды кыдырып, элдин коопсуздугун камсыздап турчу. Экинчиден, “Коопсуз короо” деп “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында иш алып барганбыз. Үйлөрдүн короолорунда видео-көзөмөл орнотулуп, тосмолор тургузулуп жана шлагбаумдар орнотулуп, анын ичинде атайын кароолчулар отурушчу. Андан тышкары, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жаш өспүрүмдөр менен иштей турган инспекторлор үчүн ар бир мектептен атайын бөлмө алып берип, алардын ал жакта иштей тургандай шарттарды түзүп бергенбиз. Анын натыйжасы абдан жакшы болуп, окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун саны кескин түрдө азайган. Бул система бүгүн да иштеп жатат. Бирок биз ал системаны мындан да жакшы кылып, өнүктүрүшүбүз керек. Ошондой эле, убагында райондорго контейнерден участкалык милициянын пункттарын ачканбыз. Кайсы участокто кандай кылмыш болуп жатканын каттап, анализдеп, анан ал жерге постторду жана контейнердик участкалык пунктарды коюшубуз зарыл. Аны менен бирге эле ал жерге патрулдук милицияларды жиберишибиз керек. Мындан сырткары, райондук административдик паспорт дегенди киргизгенбиз. Райондук административдик паспорт деген эмне? Паспортто райондо канча мектеп, кафе, ресторан жана мурда соттолгон канча адам бар экени жазылат. Муну менен катар кылмыштуулук боюнча маалыматтар дагы камтылат. Мына ошол маалыматтардын негизинде профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

Американын кайсы бир участкасында кылмыштуулук өсүп кетсе, муниципалитет тиешелүү кызматтарды (прокуратура, милиция ж.б.) чакырып, маселени ортого салат. Анан ар кайсы мамлекеттик кызматтар маселени чечүү үчүн өз сунуштарын берип, ага жараша профилактика кылып, кылмыштуулукту азайтат же түп тамырынан чечишет. Биз дагы ушундай чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек.

— Деги эле атка минерлерде абийир соту болуш керекпи?

Бүгүнкү күндө ар бир чиновниктин ички жан дүйнөсүндө абийир соту болуш керек. Болбосо биз мамлекетти өнүктүрүү үчүн кандай гана реформаларды кылбайлы, атка минерлердин ичинде абийир соту, ыйманы болбосо, анда мамлекетти алдыга жылдырууга мүмкүн эмес. Ошондуктан өз элине ак кызмат кылууну жана мамлекетинин өнүгүшүнө салым кошууну каалаган ар бир мамлекеттик кызматкер, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер абийирин, ыйманын козгоп, бардык ишти өзүнөн баштоосу керек. Мына ошондо элдин эртеңки келечеги жана мамлекеттин тагдыры ишенимдүү колдордо болот.

 — Кээде бир күн дагы 4-5 кишини башкарып көрбөгөн адам чоң бир эмгек жамаатты жетектеп калууда. Негизи жетекчи кандай болушу керек?

Чоң эмгек жамаатты жетектөө үчүн алгач бардык тепкичти басып өтүү керек. Башкача айтканда, чакан топту башкарып, ал жактан такшалып, андан кийин чоңураак жамаатты жетектөөгө болот. Эгерде жетекчи тажрыйбасыз, башкарууга жөндөмсүз болсо, иш жылбайт. Ал тургай мамлекеттик машинанын жүрүшүнө кедергисин тийгизет. Ошондуктан биз кадрларды тандоодо тапталып, тепкичтерди басып өткөн адистерге көңүл бурушубуз керек.

Биз да убагында бардык баскычтарды басып өттүк. Мурда кадрларды даярдоодо сыноолордон өткөрчү. Биринчи кичирээк кызматка коюп, анан орто кызматка дайындап, андан кийин эң татаал жана иш жүрбөй калган тармакка алып барып көрчү. Ошондо бизге ачык  эле айтчу, “ушул жерден ары же бери болосуң, сенин карьералык өсүшүң ушул жерден башталат. Ошондуктан ушул жердин маселесин чечип, барын ордуна койсоң, келечегиң кең болот”, — деп. Кадрларды дайындоонун принциптеринин бири ушул. Андан сырткары, кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча атайын окуулар өтүп турчу. Ал жакта мамлекеттик кызматта чоң тажрыйба топтогон, күчтүү инсандар бизге кандай иштөө керектигин окутуп, үйрөтчү. Мисалы, жетекчи кол алдында иштегендер менен кантип сүйлөшүп жана кандай мамиле кылып, аларга кандай багыт бериши керектигин кайра башынан үйрөтүп, тажрыйбалар менен бөлүшүп турчу. Азыр деле мындай окуулар болот. Бирок мурдагыдай жогорку деңгээлде эмес.

— Жогорку Кеңештин депутаттарынын айрымдары жүрүм-туруму, сүйлөө манерасы, маданияты боюнча коомчулуктун сынына көп кабылат. Деги эле депутат деген ким жана кандай болушу керек?

— Албетте, эл алдында жүргөн адам жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болуш керек, аларды карап жаштар түздөнөт. Ошондуктан депутаттар ар дайым башкаларга өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, үлгү болуусу керек. Эң башкысы депутат элге жакын болуп, эл менен тыгыз иштеше билүүсү зарыл. Анткени алар эл өкүлү болуп келгенден кийин элдин көйгөйлөрүн парламентте көтөрүп, ал маселелерди чечүүдө аткаруу бийлиги менен бирге иштешүү шарт. Шайланып келип, элди унутуп калуу – бул мырзалык сапат эмес. Депутат болсоң да, болбосоң да эл менен жакын болуп, алардын маселелерин чечип берүү эр жигиттин милдети.

— Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсаңыз элдин көкөйүндө турган маселелерди канчалык деңгээлде чечүү мүмкүн деп ойлойсуз?

— Парламент интригалардын жана министрлердин портфелдерин бөлүштүрүүчү жер эмес. Биз ошону далилдешибиз керек. Азыркы тапта жаңы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин айрым функциялары президентке өттү, депутаттарга өздөрүнүн негизги миссиясы болгон мыйзам жазууга жана элге ак кызмат кылууга эч нерсе тоскоол болбошу керек. Мындан улам, мен эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, шаардагы эң көйгөйлүү маселелерди чечип, шаар турмушунун бардык тармактарын өнүктүрүүгө бардык күчүмдү жумшоого даярмын. Ошондуктан сиздер эгерде шаарыбыздын эртеңки келечегине кайдыгер карабай, мага добушуңуздарды берсеңиздер, сиздердин үмүттү актайм деп ишенимдүү түрдө айта алам.

Мелис Турганбаевдин бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги номери 5.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 25-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.  

 

Exit mobile version