Site icon Reporter.kg

Мелис Турганбаев: Менин максатым — шаардын жашоочуларынын койгон талаптарын ишке ашырып, курч маселелерин чечүү

Жогорку Кеңештин Жетинчи чакырылышынын депутаттыгына бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округунан талапкер Мелис Турганбаевдин шаардыктар менен жолугушуулары уланууда.

Күн мурун ал онунчу, сегизинчи, үчүнчү кичи райондордо, Көк-Жар конушунда болду. Шайлоочулар менен кезигүүлөр кызуу талкуулар, көкүрөктөн чыккан курч суроолор менен коштолуп, ачык-айкын маектешүүлөр, ак баталар менен аяктоодо.

Маселен, Көк-Жар конушунун тургундары бир катар көйгөйлөрдү көтөрүшүп, кай бир мыйзамдарды кайра карап чыгуу керектигин белгилешти. Алар милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тоскоол болуп жаткан жагдайларды айтышып, учурда иштеп жаткан мыйзамдардагы кемчиликтерди белгилешти. Ошондой эле, убактылуу кармоочу жайларда тергөөнү күтүп жаткан адамдардын укугу тууралуу да арыз-муңдарын билдиришти. «Укук коргоо тармагында реформа качан акырына чейин жасалат?»,- деген суроолорду беришти.

Тургундардын арасынан бири: “Менин уулум спортчу. Москвада ар түрдүү жумуштарда иштеп жатат. Сиз спорт тармагында кандай маселелерди чече аласыз? Мекенине кайтып келүүсү үчүн эмне иш жасап бере аласыңар?”,- деген суроо узатты.

Жаштардын арасында дарыгерлердин көйгөйлөрүн көтөрүп, айлык акылардын аздыгын айткандар, элдин депутаттарга болгон ишеними кеткенин билдиргендер да болду.

“Мен азыр чет өлкөгө кетким келип турат. Бирок кетип калсам, карапайым адамдарды ким дарылайт? Мамлекеттик ооруканаларда кимдер иштейт?”,- деген суроолорду да беришти.

Мелис Турганбаев тургундарга алдын ала эч кандай убада бере албастыгын билдирип, депутаттыкка өтүп калса, жер-жерлерде коомдук кабыл алуу бөлүмчөлөрү ачыла турганын жана калаанын жашоочулары менен бирге жергиликтүү бийликтин жардамы аркылуу көйгөйлөрдү чечүү аракети болорун билдирди. Ал ошондой эле, терең анализдеп элге зарыл болгон мыйзамдарды жаза турганын, мамлекеттин өнүгүшүнө кедергисин тийгизген мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.

Турганбаев коомдук тартип сактоо жана кылмыштуулукту жоюу максатында көйгөйлүү деп саналган кварталдарда, кичи райондордо жана калктуу конуштарда жаңы милиция бөлүмдөрүн ачуу, ыйгарым укуктуу участкалык милиционерлердин санын көбөйтүү сунушун киргизүү зарылдыгына токтолду. Муну менен учурда иштеп жаткан участкалык милиция кызматкерлеринин жүгүн азайтууга жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга болот деген оюн билдирди.

«Спортзалдар байлар үчүн эмес, ар бир калктуу конушта олимпиада жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча акысыз секциялар болууга тийиш”,- деди ал.

Тургундар генерал Мелис Турганбаевди талапты коё билген жетекчи жана өз сөзүнүн өтөөсүнө чыккан адам катары биле турганын айтышып, ага чоң ишеним артарын билдиришти жана алдыда боло турган шайлоодо ак жол каалашып, ачык маанайда узатышты.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Мелис Турганбаев шайлоо бюллетенинде 5чи номер менен катышууда.

 

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 14-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

 

Exit mobile version