Site icon Reporter.kg

Мелис Тургунбаев министрдин милдетин аткаруучу болду

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Тургунбаев Мелис Жусупжанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Тургунбаев Мелис Жусупжановичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал эми Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version