Site icon Reporter.kg

“Мен Бишкектемин” Максатбек ажы Токтомушев кайрылуу жасады  — видео

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кайрылуу жасады.

Анда аны чет өлкөгө чыгып кетти деген кептер жалган экенин, Бишкек шаарында эле жүргөнүн айткан.

Ошондой эле элди ынтымакка чакырып, адамдарды жалган маалымат таратпоого үндөгөн.

Белгилей кетсек, 10 – февралда Максатбек ажы Токтомушев адамдарды ажылыкка жөнөтүүдө каржы мыйзамдарын бузган деген айып менен кармалган. Кийин сот анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Exit mobile version