“Мен бул жакта жашагандан корком”. Баткендик өспүрүм президентке кайрылуу жасады

“Мен бул жакта жашагандан корком”. Баткендик өспүрүм президентке кайрылуу жасады

Баткен облусунун Көк-Таш айылында жашаган өспүрүм бала президент Садыр Жапаровго кайрылып, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.

Анын айтымында, аты Адил, бир жыл мурун коңшу өлкөнүн жарандары үйүн өрттөп кетишкен.

«Урматтуу Садыр Жапаров! Мен Баткен облусунун Көк-Таш айылынан болом. Тактап айтканда, былтыр менин үйүмдү өрттөп кетишкен. Мен бул жакта жашагандан корком. Анткени эки метр ары жакта тажиктер жайгашкан. Бул бетондун ары жагында Тажикстан. Биз үчүн бул жакта жашаш аябай коркунучтуу болуп калды. Сизден суранарым, чек ара маселесин чечип бериңиз», деп видео кайрылуу жасаган.

 

Белгилей кетсек, Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өткөн. Анда Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген.

Сүйлөшүүдө эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>