Мен дагы түштүктүн кызымын. Блогер Сыдымандын апасы президентке кайрылды

Мен дагы түштүктүн кызымын. Блогер Сыдымандын апасы президентке кайрылды

Сыдыман деген ат менен таанымал блогер Эльмир Сыдымановдун апасы Махабат Молдомусаева президент Сооронбай Жээнбековко кайрылып, уулунун ишине адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүүнү өтүндү.

Ал жалпы кыргыз элинин алдында кечирим сурап, баласынын жаңылып калганын мойундаган.

“Мен Элмир Сыдымановдун жалгыз бой апасы болом. Баламдын блогерлик менен алектенүүсүн мен такыр туура кѳрбѳйм. Балам сѳгүнүптүр, ѳз оюн айтыптыр, бирок эч кимди аймактык кастыкты жаратууга үгүттѳбѳптүр. Балама болгону түшүндүрүү иштери жетиштүү. Өз оюн сѳгүнүү сѳздѳр менен айтты. Эфирден сѳгүнгѳндүгү үчүн 7 жылга соттоо бул ѳтѳ адилетсиз”, — деген ал.

Ошондой эле Молдомусаева баласы үй-бүлѳнү камсыз кылган жалгыз адам экенин белгилеп өткөн.

«Сизден терең ѳтүнѳѳрүм, эне жүрѳгүн эске алып, биздин оор турмуш шартты эске алып, айкѳл эл башчы катары адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду тереӊ ѳтүнѳм. Элмирдин эки жакты бѳлѳйүн деген такыр ою жок. Мен ѳзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Кѳл шаарынан болом. Мен дагы түштүктүкмүн. Муну менен Элмирдин элди экиге бѳлѳйүн деген ою болгон эмес экенин баса белгилейм” ,– деп жазылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, блогер Эльмир Сыдыманов 17-февралда аймак аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. Октябрь райондук соту анын башк оргоо чрасын карап,  блогерди №1 тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.

Блогер буга чейин өзүнүн  “Инстаграм” баракчасынан  түз эфирге чыгып,  Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Анын сөзү интернетте кызуу талкууга алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>