«Мен эки айда бир мушташкым келет». Майк Тайсон — жаңы атаандаш издөөдө

«Мен эки айда бир мушташкым келет». Майк Тайсон — жаңы атаандаш издөөдө

Майк Тайсон Рой Джонс менен болгон беттештен кийин машыгууну улантууга ниеттенип жаткандыгын жарыялады. Легендарлуу мушкердин командасы жаңы атаандаш издеп жатат. Бул тууралуу Prosports.kz. жазды.

«Мен машыгууну улантам. Эми бул менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Мен эми Семиз Майк же Кокс Майк болбойм. Мен эми бул жигитке эч кандай тиешем жок.

Мурда бир жылдын ичинде 15 мушташ өткөрө алчумун. Мен эми ушул көрсөткүчкө карай жылам. Өзүмдү формада кармоом керек. Мен эки айда бир мушташкым келет», — деп айткан Тайсон.

Эске салсак, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында бокс тарыхындагы мыкты мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонс мушташты. Беттеш 2 мүнөттөн 8 бөлүккө созулган.

Тайсон менен Джонстун ортосундагы беттештин жыйынтыгында калыстар тең эсеп чыгарып, эки мушкер тең нааразы болушкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>