Site icon Reporter.kg

«Мен президенттикке талапкермин» — Токтайым Үмөталиева Патрулдук милицияга баш ийген жок — видео

Активист жана президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева ИИМдин Патрулдук милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийген жок. Ал окуянын видеосун социалдык тармактарга жарыялаган.

Анын айтымында, Патрулдук милиция кызматкерлери ага документтерин беришкен эмес.

«Эмне үчүн документтериң жок басып жүрөсүң? Бул жерден эвакуатор менен 20-30 унаа алып кетишет экен, бирок документтери жок, жайгашкан жериң барбы? Бул жерге жетекчилик келсин. Бул алдамчылык», — деп Үмөталиеванын айтканын көрүүгө болот видеодон.

Ошол эле учурда, ал видеодо президенттикке талапкер болгонун бир нече жолу айткан.

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы бул видео боюнча түшүндүрмө берип, ПМ кызматкерлери 1-декабрь күнү саат 15: 30да Абдрахманов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде күзөттө тургандыгын белгиледи. Көчөнүн бул бөлүгүндө автоунааларды токтотууга тыюу салынат, буга байланыштуу патрулчулар жана эвакуатор тиешелүү жумуштарды аткарышты. 

«Патрулчулар ага 200 метрден кийин унаа токтотуучу жай бар экендигин айтышкан, бирок аял аларды видеого тарта баштаганын кабарлашты», — деп билдирди басма сөз кызматы.

ИИМдин Патрулдук милициясы кызматкерлеринин бардык аракеттери мыйзамдуу болгонун белгилейт.

Exit mobile version