Мен сенин кызыңмын Мавлюда эстечи апа. Кыргызстандык кыз 30 жылдан кийин апасын тапты — видео

Мен сенин кызыңмын Мавлюда эстечи апа. Кыргызстандык кыз 30 жылдан кийин апасын тапты — видео

Кыргызстандык Мавлюда Тохтакунова “Пусть говорят” берүүсү аркылуу өзүнүн апасын 30 жылдан кийин тапты.

Ушул жылдын ноябрь айында Орусиянын биринчи каналындагы “Пусть говорят” берүүсүнүн биринде 51 жаштагы Марина аттуу аял тууралуу көргөзгөн. Программада ал аял Подмосковьедеги токойдо жашай турганын маалымдаган. Марина токойдо ит, мышыктарын багып жашачу. Берүүдө Маринанын Армениядагы туугандарын табууга жардам беришкен.

Маринанын кызы Мавлюда апасы экенин айтып, аталган каналга кат аркылуу кайрылышкан.

Кечээ 10-декабрда “Пусть говорят” берүүсүнүн чыгарылышнда Мавлюда өз энеси деп тааныган аял менен жолукту.

“Апа мени эстечи, 30 жыл издедим го. Алтыным апа мен сени жакшы көрөм. Мен Мавлюдамын”,- деди..

Чын эле Мавлюда Маринанын кызыбы деген шек саноо болбосу үчүн алардын ДНКсын текшерүүгө алышкан. Анда алардын ДНКсы 99,9 пайыз дал келгенин дарыгерлер тастыктаган.

Программанын жыйынтыгында Мавлюда апасы макул боло турган болсо аны Кыргызстанга алып кетүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми Мавлюда учурда үйбүлөлүү 3 баланын энеси экенин кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>