Site icon Reporter.kg

«Мени эч нерсе байланыштырбайт». Физиев мындан ары Кыргызстандын атынан чыкпайт

Мен жана менин үй -бүлөм Муфтияттын жана Кыргызстандын айрым атактуу адамдарынын куугунтугуна дуушар болдук. Бул тууралуу аралаш мушташ боюнча мушкер Рафаэль Физиев социалдык түйүндөгү баракчасында жарыялады.

Ал бул куугунтуктун жана жасалма видеолордун айынан, үй-бүлөсүнө көптөгөн жаман пикирлер айтылып жатканын билдирип, эмне үчүн мындай видеолор жасалгандыгы түшүнүксүз болгонун кошумчалады.

«Мен эч качан дааватчы болгон эмесмин жана эч нерсе айткан эмесмин. Инстаграмымдагы миллиондогон катталуучуларыма менин жашоомдо күн сайын эмне кылаарымды көрсөтөм. Ар бир адамдын өз пикири бар жана светтик мамлекеттеги ар бир киши өзү каалаган мыйзамдуу нерсени кылууга укуктуу. Муфтияттан көп куугунтук алдым, басым көп. Мен кетем. Мени Кыргызстан менен паспортуман башка эч нерсе байланыштырбайт. Жакын арада бул өлкөдөн көчүү жөнүндө ойлонобуз. Анын үстүнө, бул билдирүүлөрдөн улам мен Кыргызстандын желеги астында мелдештерге катышууну токтотом », — деди ал.

Exit mobile version