Site icon Reporter.kg

Мэр Абдыкадыровдун жаңы кеңешчиси Шамбетова ким? Резюме

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Шамбетова Махабат Амантуровнаны архитектура, курулуш жана транспорт боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

РЕЗЮМЕ

Ал 1986-жылы 4-июнда төрөлгөн.

Билими:

2003-2008-жылдары — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетининин «Инженер» адистигин,  салттуу эмес кайра жаралуучу энергия булактары (жылуулук энергетикасы);

2008-2010-жылдары — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде. «Айлана-чөйрөнү коргоо» адистиги боюнча магистр, «Өнөр жай экологиясы жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу (энергияны үнөмдөө)» адистиги;

2010-2012 — Кыргызстан Эл аралык университети.

Иш тажрыйба:

2008-2009-жылдары — «Бишкекжылуулукэнерго» МИнин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жылуулук тармактары боюнча инженери

2010-жылы «Бишкекжылуулукэнерго» МИнин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жылуулук тармактары боюнча инженери.

2010-2015-жылдары — «Бишкекжылуулукэнерго» МИде өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн башчысы.

2015-2018-жылдары — Инженердик инфраструктура бөлүмүнүн башчысы

2018-2021-жылдары – «Бишкекглавархитектура» МИнин инженердик жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башкы инженери, башчысы.

2021-2022 — «Бишкекглавархитектура»  муниципалдык мекемеси.

Тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, Улуттук энергохолдингдин төш белгиси менен сыйланган.

Кыргыз, орус, англис, жапан тилдерин билет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version