Site icon Reporter.kg

Мэр маркум Үмүтбектин тууганы менен жолукту

16 -сентябрда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Октябрь окуясында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин эжеси  менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр каза болгон баланын атасына батир берүү кечиктирилгени үчүн кечирим сурап жана Бишкек шаардык кеңешинин 28 -сентябрда боло турган сессиясында бул маселе караларын билдирген.

«Мэрия “Бишкектеги №112 муниципалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү жөнүндө» токтомдун долбоорун шаардык кеңешке киргизди. Токтом бекитилээри менен Муниципалдык менчик башкармалыгы аянты 65,9 чарчы метр болгон  эки бөлмөлүү жаңы батирди менчикке өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт»,- деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Айта кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев октябрь окуясында каза болгон Үмүтбетин үй-бүлөсүнө Бишкектен жакында батир берилерин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. Анда ал өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларында эле президент тарабынан тиешелүү тапшырма берилгенин, бирок мэриянын айрым аткаминерлеринин жоопкерчиликсиздигинен улам маселе өз убагында чечилбей калганын белгилеген. Ошондой эле аталган маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин баса белгилеген.

Exit mobile version