Site icon Reporter.kg

Мэрия «Ак-Кула» ат майданын бузууга киришти. Ага 39,9 млн сом кетет

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы «Ак-Кула» ат майданын буздурууга тендер жарыялады. Ага шаар бийлигинин бюджетинен 39 млн 936,2 миң сом каралган.

Тендер бүгүн, 1-ноябрда жарыланып, сынак боюнча арыздар 19-ноябрга чейин кабыл алынат.

Ошол эле учурда тендердин жыйынтыгы чыкпай жатып, ал турсун тендер жарыяланганга чейин эле ат майданды бузуу иштери башталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Peshcom долбоорунун журналисти Артем Журавлев жазды.

Exit mobile version