Site icon Reporter.kg

Мэрия «Ататүрк» паркындагы үйлөрдү бузуп баштайт

«Ататүрк» паркындагы үйлөрдү бузуу иштери 20-майда башталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Муниципалитеттин сейил бакка байланыштуу жыйын өтүп, анда 20-майдан тарта 1992-жылдын 25-июнундагы №225 токтомду ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Мэрия буга чейин парктын жерин кайтарып алуу үчүн мыйзамсыз курулуштар боюнча сотко кайрыларын айткан. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев үй ээлерине жер тилкелерин өз ыктыяры менен шаардын карамагына өткөрүп берүүнү сунуштаган.

Белгилей кетсек, «Ататүрктүн» 43 гектар жеринде 198 объект уруксатсыз жайгашкан. Алардын катарында көп кабаттуу турак жай дагы бар. Парктын аймагындагы жер тилкелери жогорку кызматта иштеген мурдагы аткаминерге, саясатчыларга берилип кеткени айтылып, алардын тизмеси дагы жарыяланган.

Парламенттин айрым депутаттары сейил бактагы үйлөрдүн кожоюндарын коргоп чыгышты.

Парламентте «Ата-Түрк» паркындагы кырдаалды көзөмөлгө алуу сунушталды

Exit mobile version