Мэрия Бишкекти былтыркы жасалгалар менен кооздоп баштады — сүрөт

Мэрия Бишкекти былтыркы жасалгалар менен кооздоп баштады — сүрөт

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үч жаңы жылдык балатынын каркастарын орнотууга киришти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Өлкөнүн башкы балатысы «Ала-Тоо» аянтына орнотулат, анын узундугу 25 метр, Жогорку Кеңештин жанына 15 метр жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жанына 11 метрлик балатыны орнотуу иштери башталды. Ага 30 кызматкер тартылган, монтаждоо иштери үч күнгө созулат. Балатылар орнотулуп бүткөндөн кийин  «Бишкексвет» шаар ичиндеги бактарды кооздоп баштайт.

Борборду жаңы жылга карата кооздоо үчүн былтыркы жасалгалар колдонулат.

[su_image_carousel source=»media: 50145,50144,50143″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>