Бишкек мэриясы шаар тургундарынан оттон чыккан күлдү таштанды челекке ыргытпоону өтүнөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Күлдүн чыгышы көбүнчө челектердеги таштандылардын күйүп кетишине алып келет.
«Санитардык-экологиялык инспекциянын инспекторлору тарабынан мындай мыйзам бузуу фактысы Бишкек шаарынын Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган жашоочу тарабынан аныкталган. Ага карата 5 миң 500 сом айып салуу менен Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарын аткарууга милдеттендирилди. Өрттөнүп жаткан контейнер өчүрүлдү», — деп белгилешти мэриядан.
Мэрия күлдү идишке чыгаргандан кийин толук муздатып гана таштанды челекке төгүүгө уруксат берилээрин баса белгиледи.
Жакшыртуу эрежелерин бузуу боюнча суроолор болсо Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот:
Свердлов району — 0551551745;
Октябрь району — 0505523832;
Биринчи Май району — 0555404818;
Ленин району — 0554222213.