Бишкектеги Ош базары карантинге жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу брифингде борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.
Анын айтымында базарда коронавирус инфекциясы катталган.
«Орто-Сай базарында да коронавирус катталып, 13-июнга чейн дезинфекцияга жабылган. Ош базарында коронавирус аныкталып, базарды жакынкы күндөрү убактылуу жабуу туурасында маселе каралат”, – деди вице-мэр.