Site icon Reporter.kg

Мэрия: Саммитке байланыштуу Бишкекте троллейбустар каттамга чыкпайт

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтө тургандыгына байланыштуу 4нөн 7-ноябрга чейин борбор калаада троллейбустар каттамга чыкпайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэрия аталган иш-чара аяктагандан кийин троллейбустар кайра каттай баштай турганын кабарлады. Шаар бийлиги аталган жагдайга түшүнүү менен кароого чакырат.

Эскерте кетсек, быйыл мэрия Бишкектеги троллейбустардын көбүн каттамдан алып, Ош жана Нарын шаарларына берген. Борбор калаада №11 жана 14 каттамтагы троллейбустар гана калган.

Бишкектеги студенттер 5-6-ноябрда онлайн окушат

Exit mobile version