«Мерседес» каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Футболчулар менен болгон кырсыктын чоо-жайы

«Мерседес» каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Футболчулар менен болгон кырсыктын чоо-жайы

Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы «Алай» футбол клубунун футболчулары Жахонгир Махмудов менен Асадбек Алимов каза болгон кырсыктын чоо-жайын билдирди.

20-январь күнү саат 18:00дөр чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 10-чакырымында Жалал-Абад облусунун Спутник шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Э.А. каршы тилкеге ​​чыгып, Ош шаарынын Алмалык айылынын 1986-жылы туулган тургуну Т.Н.нын башкаруусундагы «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Кагылышуунун кесепетинен «Мерседес» унаасынын жүргүнчүлөрү 1999-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Жахонгир Махмудов жана Араван районунун Интернационал айылынын 2001-жылы туулган тургуну Асадбек Алимов окуя болгон жерден каза болушкан.

Ош шаардык ооруканасына Ош шаарынын 2002-жылы туулган З.Х аттуу тургуну жана Жалал-Абад шаарынын 1998-жылы туулган А.Ш аттуу тургуну ооруканага жеткирилген, алар кийин дарыланып чыгып кетишкен. Портердин айдоочусу да аталган ооруканага жеткирилген.

Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>