Site icon Reporter.kg

«Мерседести» сүзүп, ала салдырган «Лексустун» айдоочусу кармалды (видео)

Баткенде жол кырсыгына күнөөкөр качып кеткен айдоочу кармалыды. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 29-сентябрда Кадамжай районундагы Ош – Баткен — Раззаков жолунун 182-чакырымында болгон. «Мерседес-Бенц- Е260» унаасынын айдоочусу алдыда бараткан «Лексус-570» унаасын ашып өтүп баратканда, «Лексус-570» аны оң капталына сүзүп жиберген. Натыйжада «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Ал эми «Лексустун» айдоочусу окуя жеринен качып кеткен.

Издөө иштеринин натыйжасында Баткендин жол милициясынын кызматкерлери качып кеткен айдоочуну тапкан. Анын унаасы айып короого коюлуп, өзү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version