Site icon Reporter.kg

«Миң түркүн» соода борборундагы өрт толук өчүрүлдү

«Миң түркүн» соода борборундагы өрт толук өчүрүлдү. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын, Чүй проспектисиндеги «Миң түркүн» соода борбору менен бир имаратта жайгашкан «Fiх Рrice» дүкөнүнөн өрт чыкканы тууралуу саат 8:30да маалымат түшкөн.

Ал жерге 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 9:19да чектөөгө алынып, саат 9:50дө толук өчүрүлгөн.

Exit mobile version