Site icon Reporter.kg

Миңден ашык бодо мал жана жылкыны мыйзамсыз алып киргендер аныкталды

10 күндүн ичинде 1 миң 189 бодо мал жана 107 жылкыны өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10 күндүн ичинде 1 миң 189 ири мүйүздүү малды жана 107 жылкыны мыйзамсыз ташуу аракети аныкталды. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө бардык коштоочу документтери, ошондой эле салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Exit mobile version