Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Ага ылайык, 976 адам анын ичинен 821 — чоң адамдар жана 155 — балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынат . кыргыз жарандыгын алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Президен кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык 929 адам (анын ичинен 722 — чоң адамдар жана 207 — балдар) Кыргызстандлын жарандыгынан чыгарылат.