Site icon Reporter.kg

Миграциялык чектөө: ТИМ АКШнын консулунан түшүндүрмө сурайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө чектөө киргизет деген ЖМКларда жарыяланган маалыматка байланыштуу билдирүү таратты.

ТИМ бүгүнкү күндө АКШда коопсуздукту камсыз кылууга жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн тартипке келтирүүгө багытталган миграциялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу процесси уланып жатканын билдирди. Мындан улам Кыргызстандын жарандарына карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө элек.

«The Washington Post басылмасында жарыяланган маалыматка ылайык, жарандарына чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргыз Республикасы үчүн түшүнүксүз болуп калууда. Ушуга байланыштуу, бул маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү максатында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине АКШ Элчилигинин консулу чакырылат»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version