Site icon Reporter.kg

Мигранттар 8 айда 2 млрд долларга жакын каражат жөнөтүшкөн

Январдан августка чейин эмгек мигранттары мекенине 1 миллиард 736,8 миллион доллар жөнөтүшкөнүн Кыргызстандын Улуттук банкынан кабарлашты.

Анын ичинен 1 миллиард 692,8 миллион доллар же 97,4% мигранттар тарабынан Орусиядан  жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, августта өлкөгө акча которуулар 242,1 миллион долларды түзгөн, бул бир айга салыштырмалуу 0,24% га көп.

Exit mobile version