Site icon Reporter.kg

Мигранттардын балдары өтө оор запкы жеп жатышат, — депутат

Кыргызстандын айыл жерлеринде мигранттардын балдары өтө оор запкы жеп жатышат. Мындай пикирин бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

Эл өкүлү Москвага бала багуу үчүн 11 жаштагы кызын жиберип, ал туугандары тарабынан сабалган учурду мисал келтирип, мындай окуялар айыл жеринде көп экенин айтты.

“Айылдагы мигранттардын балдары боюнча бир чечим кабыл алынышы керек. Бул маселе боюнча улуттук программа иштелип чыгышы зарыл”, — деген Түлөбаев акыйткачы Атыр Абдрахмановага мигранттардын балдары коргоого алынышы керектигин айтты.

Жыйында 2019, 2020, 2021-жылдарга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышы боюнча акыйкатчынын баяндамасы талкууланды.

Exit mobile version