Site icon Reporter.kg

Мигранттардын маселеси. Депутат Россияны ЕАЭБдин нормаларын сактоого чакырды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Россияда иштеген кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөрүп, Россияны ЕАЭБдин нормаларын сактоого чакырды.

Ал жакында эле Россияда чет элдик мигранттардын, анын ичинде кыргызстандыктардын жумуш, жашоо шарттарын оорлоштурган, катуу талаптарды койгон мыйзам кабыл алынган белгиледи. Бул боюнча мекендештерден кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

«Россияда постсоветтик өлкөлөрдүн, андан тышкары Индия жана Пакистандын жарандары эмгектенет. Бирок алардан айырмаланып, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөбүз. Аталган уюм түзүлүп жатканда, бири-бирибиздин жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз, товарлардын чек арадан өтүүсүн ыңгайлуу кылабыз, жагымдуу шарттарды түзөбүз деген милдеттенмелер алынган. Бүгүнкү күнү ЕАЭБдин нормаларынын сакталышы болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп турат. Ырас, ошнодой милдеттенмелерди алгандан кийин ЕАЭБге кирген ар бир мамлекет аларды аткарышы керек», — деди ал.

Exit mobile version